Министр электр энергиясын колдонуунун өсүшүн экономикага байланыштырды (видео

Энергетика министри Таалайбек Ибраев электр энергиясын колдонуунун өсүшүн өлкө экономикасынын жогорулаганы менен түшүндүрдү.

"Элдин жашоо турмушу жакшырды. Азыр айыл жеринде да ар бир үй салган адам үйүнө суу жылыткыч, кир жуугуч сыяктуу тиричилик техникаларын кеңири колдонушууда. Учурда ар бир үй эң жогору дегенде 5 кВт сааттан кем эмес электр энергиясын колдонуп жатат.

Андан сырткары быйыл былтыркы жылга салыштырмалуу электр энергиясын колдонгондордун саны 30 миңге көбөйдү. Мына жаңы конуштарга кызыл китептер берилип, ал жактарда курулуштар жүрүп жатат. Завод, кафе, ресторан, фабрикалар көп салынып жатат. Быйыл да 100 объектти ишке берип жатабыз", - деди ал.

Ошондой эле Ибраев кышында электр жарыгы өчпөшү үчүн кыргызстандыктарды азыртан тарта электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырды.

Буга чейин кечээ, 24-июлда өлөдө суткалык электр энергиясын керектөө 44 миллион 124 миң киловатт-саатка жеткени кабарланган. Бул тарыхтагы жай мезгилинде катталган эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелет.

25.07.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан