
Ош облусунун Кара-Суу райондук мамлекеттик салык кызматында коррупциялык схема аныкталып, аталган кызматтын башчысынын орун басары
А.А. кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, ал "С.Л." аттуу ЖЧК менен биргеликте салык төлөмдөрүнөн качуу боюнча коррупциялык схеманы уюштуруп, милдеттүү салык төлөмдөрүнүн суммасын атайылап азайтышкан. Анын натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.
Ош шаардык соту тарабынан шектүүгө тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.