
Ош шаарынын мэри
Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 25-июлда Исанов көчөсүн кыдырды. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат борбору билдирди.
Ал жерде мэр аталган көчөнү кеңейтүү, асфальт төшөө иштерин тездетүү боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.
Мындан тышкары жогорку окуу жайлардын сырткы көрүнүшүн жана жашыл аймагын иреттөө, көрктөндүрүү, аймактын тазалыгын кароо сыяктуу бир катар тапшырмалар коюлду.