Бишкекте эркек киши көчөдө кызды сабап, зомбулукка кабылган жаранга жолдон өткөндөр жардамга келишкен. Бул тууралуу видео соцтармакта тарады.
Окуя 23-июль күнү борбордук мечиттин аймагында болгон.
"Ал аны мыкаачылык менен сабап, чачынан сүйрөп, тепкен",- дешти күбөлөр.
Жолдон өткөн жарандар аны токтотуп, милиция чакырышты. Тартип сакчылары жаранды милиция бөлүмүнө алып кетишти.