Камбоджа менен Таиланддын чек арасындагы куралдуу кагылышууларга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктардын коопсуздугун камсыздоо максатында аталган эки өлкөнүн чек арага жакын жаңжал чыккан аймактарына баруудан карманууну сунуштайт.
Министрлик ошондой эле эки өлкөнүн аймагында убактылуу же туруктуу негизинде жашап жаткан Кыргызстандын жарандарына этият болууну, коопсуздук чараларын так сактоону жана жергиликтүү бийликтер менен Малайзиядагы элчиликтин сунуштарына кылдат көңүл бурууну суранат.
Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда, кыргызстандыктар Куала-Лумпур шаарындагы элчиликке +996 500 244610 (WhatsApp) телефону аркылуу же Тышкы иштер министрлигинин +996 999 312002 (WhatsApp) номурлары аркылуу кайрыла алышат.