24-июлда таңга маал Таиланд менен Камбоджа чек ара аймагынын талаштуу бөлүгүндө салгылаша баштады. Тараптар жаңжалдын башталышына бири-бирин айыптап, курмандыктар менен коштолууда. Эки мамлекеттин ортосундагы куралдуу кагылыш тууралуу эмнелер белгилүү, анын себеби жана ал жакта туристтер коркунучтабы?
Уруш кантип башталды
Камбоджа-Таиланд чек арасындагы эскалация 24-июлда чек арадагы бир катар райондордо кургактагы аскерлердин ортосунда катуу атышуулардан башталды. Таиланддын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Сурасант Конгсири кеминде алты чек ара пунктунда салгылашуу жүрүп жатканын билдирди.
Рейтер агенттигинин маалыматына караганда, кагылышуу Таиланд менен Камбоджанын ортосундагы аймактык талаштын предмети болгон Кхмер империясынын таандык Та Моан Том храм комплексинин жанында болгон. Тараптар ок атуучу куралдарды колдонуу менен чектелип калышкан жок: Камбоджа Сисакет провинциясындагы чек ара зонасына BM-21 Grad MLRS ракетасы менен сокку урду, ал эми Таиланд F-16 истребителдерин колдонуп, аба соккусу менен жооп берди.
Согушка чейин өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелер бир топ начарлаган. 23-июлда Таиланд Камбоджадагы элчисин чакыртып алып, Камбоджанын элчисин Бангкоктон чыгарып жиберген. Бул чек арадагы миналардын жарылуусуна каршы нааразычылык болчу, анда бир нече таиланддык жоокер жарадар болду. Бангкок Камбоджаны жаңы жардыргыч түзүлүштөрдү койду деп айыптады.
Пномпень муну четке кагууда. Камбоджанын бийлиги Таиланддын аскерлери өткөн кылымдан калган жардырылбаган минага барып алгандыгын айтып актанышууда.
Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелер май айында чек ара жаңжалында Камбоджанын жоокери каза болгондон кийин кескин начарлап кеткен. Бул окуя буга чейин улутчул маанайдын күчөшүнө алып келген, деп белгилейт The Guardian.
Пикир келишпестик кайдан чыкты?
Таиланд менен Камбоджанын ортосундагы пикир келишпестик тээ 1960-жылдардан бери уланып келе жатат. Анын маңызы Преах Вихеар храмы жана ага чектеш жер боюнча аймактык талаш. Бул тууралуу чет элдик басылмаларга эксперттер билдиришти. 1962-жылы Эл аралык сот Камбоджанын пайдасына чечим чыгарган, бирок Таиланддагы көптөгөн саясий күчтөр буга макул эмес.
Өлкөлөр буга чейин бир нече жолу кагылышкан, акыркысы 2008-2011-жылдары Таиланддагы ички саясий келишпестиктен кийин жаралган.
Ошол учурда өлкөнүн мурдагы премьер-министри Таксин Чинаваттын оппоненттери аны жана анын жакындарын Камбоджаны колдоп жатат деп айыпташкан. Анткени саясатчы Камбоджанын премьер-министри Хун Сен менен абдан тыгыз достук мамиледе болгон (2023-жылы ал бул кызматты уулу Хун Манетке өткөрүп берген). Бул факт улутчулдук сезимдерди жана ички саясий күрөштү тутандыруу үчүн колдонулгандыгын жазышууда айрым басылмалар.
"Азыркы кырдаал кандайдыр бир деңгээлде мурунку эскалацияны эске салат",- дейт эксперт. Учурда Таксиндин кызы, өлкөнүн премьер-министр Фетонгтан Чинаватра менен күч түзүмдөрүндөгү пикир келишпестик күч алып жатат. 1-июлда Таиланддын Конституциялык соту Чинаваттын Хун Сен менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн ачыкка чыгышына байланыштуу жаңжалды иликтөөгө чейин анын ыйгарым укуктарын убактылуу токтотту.
Жаңжал туристтерге таасирин тийгизеби?
Таиланд жана Камбоджа популярдуу туристтик жерлер болуп саналат. Таиланддагы курорттук аймактар согуш жүрүп жаткан аймактан алыс жайгашкан жана Камбоджага массалык туристтик агым таптакыр жок. Чек ара менен чектеш аймактарга болгон экскурсиялар узак убакыттан бери токтоп турган.
Бирок бул арада Кыргызстандын Тышкы иштер минисрлиги ал жактагы кыргызстандыктарга сак болуу боюнча эскертүүлөрдү берди.