АКШ бийлиги Франциянын Палестинаны таануу ниетин колдобойт. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
"АКШ Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында Палестинаны таануу планын кескин түрдө четке кагат",- деп жазды Марко Рубио социалдык тармактагы баракчасына.
Рубио Париждин чечимин "акылга сыйбаган" деп мүнөздөдү.
Эске салсак, Франция президенти Эммануэль Макрон 24-июлда Париж сентябрда Палестинаны расмий тааный турганын жарыялаган.
Ал эми Израилдин Коргоо министрлиги Палестина мамлекетин түзүүгө жол бербей турганын билдирген.