Мектептеги окуучуларынын ортосундагы чыр чыгып, бир бала каза болду 

Новосибирск шаарында мектеп окуучусунун өлүмү боюнча укук коргоо кызматкерлери кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Тергөө комитетинин облустук башкармалыгынан билдиришкендей, окуя бир күн мурун Ленин районунда болгон. Шаардагы дүкөндөрдүн биринде 8-класстын окуучулары катышкан мушташтан он алты жаштагы өспүрүм оор жаракаттарды алган. Мектеп окуучуларынын ортосундагы чыр мушташка айланып, анын жүрүшүндө он беш жаштагы шектүү каршылашынын денесине жаракат келтирип, натыйжада ал каза болду.

Милицияга жабырлануучунун эс-учун жоготкондугу тууралуу маалымат түшкөн. Кийинчерээк дарыгерлер анын каза болгонун тастыкташты.

Бул факт боюнча байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келген, ден соолукка атайылап оор залал келтирүү үчүн жоопкерчиликти караган берене боюнча кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан