Орусиялык дарыгер Кондрахин уйку келип, бирок көп саат уктаганы убактыңыз жок болуп жатса, күч-кубатты сактоо үчүн канча уйку керектигин айтып берди.
"Мээни эс алдырып алуу үчүн кеминде 30-40 мүнөт уйку керек. Мындай уйку энергияны толугу менен калыбына келтирбейт, бирок аз болсо да жардам берет",- деп белгиледи Кондрахин.
"Мисалы, отургучта уктагандан көрө дубалга жөлөнүп уктаган жакшыраак. Жарым сааттык уктоо кайра иштөөгө жардам берет",- деп белгиледи дарыгер.
Кондрахин ошондой эле мындай кыска уйку адатта жүк ташуучу айдоочуларга унаа айдап баратканда көңүл буруусу начарлап кетпеши үчүн сунушталарын эске салды.