BAKAI BANK GREEN 2 жылдыгын белгилеп, кызматтардын толук спектрин камтыган бизнес-зонаны ишке киргизди

«BAKAI BANK GREEN» филиалынын ачылганына эки жыл толду. Анын урматына филиал өзүнүн аянтчасын кеңейтип, юридикалык жактарды тейлөө үчүн өзүнчө зал ачты. Анда ESG-ыкмалары менен туруктуу өнүгүүгө басым жасалган. Жаңы бизнес-зал кардарларга бир эле жерден кызматтардын бардык түрү менен кеп-кеңештерди алышына шарт түзөт, муну менен ал экологиялык стандарттардын жогорку деңгээлин сактап калат.

«Биз эки жыл ичинде жөн гана кеңейген жокпуз, сервис жаатында да чоң өсүштөр болду. Бизнес-залды ачуу – биздин миссиябыздын уландысы: бизнес үчүн комплекстүү чечимдерди сунуштоо, кардарлардын өнүгүүсүн колдоо жана туруктуулукту камсыздоо», — деди филиалдын директору Салима Байтокова.

ESG-ыкманы ишке ашыруучу пилоттук филиал: кеңседен экосистемага

«Bakai Bank Green» банктын алгачкы “жашыл” бөлүмү болду, анда ESG-принциптери – көмүртек зыянын азайтуу, энергонатыйжалуулукту жогорулатуу, энергиянын жаңыланган булактарына өтүү ишке ашырылат. 2026–2027-жылдардын жыйынтыгы боюнча, бул жааттагы тажрыйба башка аймактарга да жайылтылат.

Экология жана социалдык жоопкерчиликке басым жасаган атайын продуктулар:

* Жашыл насыялар — электромобилдерди, энергонатыйжалуу техникаларды сатып алуу жана экологиялык натыйжа бере турган долбоорлорду ишке ашырууга.

* Социалдык продуктулар – ишкер аялдар үчүн атайын программа, ипотека боюнча төмөндөтүлгөн чен, жогорку кирешелер менен пенсиялык жана балдар депозиттери.

* Каржылык аяр топтор үчүн — пенсионердин акысыз карталары, дарыканаларда 5%га чейин кешбэк, депозиттер боюнча пайдалуу чендер.

Филиал ичиндеги ESG-маданият:

Филиалдын кызматкерлери “геймификацияланган” ESG-системасына активдүү тартылган, ай сайынкы демилгелерди ишке ашыруу үчүн сыйлык, бонустарды алышат. Команда байма-бай тренингдерден өтүп, бул тармактагы конференцияларга катышып турат. Банк өзүнүн тарыхында биринчи жолу туруктуу өнүгүү боюнча отчет даярдоодо, ал ESG-тажрыйба боюнча жылдык отчетко негиз болот.

Кардарлардан жана коомчулуктан колдоо:

«Бул жайгашкан дареги боюнча дагы, жүргүзгөн иши боюнча дагы менин сүйүктүү филиалдарымдын бири. “Bakai Green’дин” эл үчүн гана эмес, жаратылыш үчүн дагы иштеп жатканы жагымдуу», — деген банктын инфлюенсери жана амбассадору Мээрим Толепберген.

Филиалдын дареги: Бишкек шаары, Ч. Айтматов проспектиси 243, “Ынтымак” паркынын тушунда.

Заманбап банкинг менен экологияга кам көрүү айкалышкан филиалга кош келиңиздер!

Bakai Bank — чыныгы маанилүү нерселер үчүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан