
Эгер сиз «Переходи на О! Комбо» тарифине кошулуп, андан Wink онлайн-кинотеатрын тандасаңыз, демек жүздөгөн тасмалар менен сериалдарды көрүү мүмкүндүгүнө ээ болдуңуз. Жарнамасыз, мыкты сапатта жана каалаган түзүлүштөн: смартфондон, планшеттен же ТВ аркылуу көрө бересиз.
Wink – бул эң жаңы премьералар, көрүнүктүү сюжеттер жана сиз жакшы билген актёрлор. Комедиялар, драмалар, триллерлер жана детективдер – ар бир көрүүчү көңүлүнө жаккан нерсесин табат.
Учурда алдыңкы катарда турган сериалдардын бир эле бөлүгүн сунуштайбыз:
«Дуплет». Бир жолу адам өлтүрүү – кокустук. Эки ирет жасалган кылмыш – кимдир-бирөөнүн оюну. Ар бир дал келүү тузак болуп чыккан кызыктуу детектив.
«Переходи на О! Комбо» тарифин «Мой О!» тиркемесинен кошуп алыңыз да, акысыз эки комбо-опциянын бири катары Wink кинотеатрын тандаңыз.
Тарифтин алкагында төмөнкүлөр берилет:
– О! түйүнүндө чексиздик;
– Кыргызстандын башка мобилдик түйүндөрүнө мүнөттөрдүн топтому;
– ылдамдыгы жакшы интернет;
– башка опцияларды пайдалануу мүмкүндүгү: Premier, Etnomedia, Start онлайн-кинотеатрлары, O!TV сервиси, кошумча +40 ГБ, Wi‑Fi таратуу же Яндекс Go кызматынын «Комфорт», «Комфорт+» жана «Бизнес» тарифтерине арзандатуу берилген Яндекс Плюс катталуусу, ири музыкалык фонотека, Кинопоиск сервиси жана миңдеген китептер.
Өзүңүзгө керектүүлөрдү тандаңыз. Маанайга жараша опцияларды алмаштырыңыз. Баарын «Мой О!» тиркемесинен бир нече клик менен ишке ашырса болот.
«НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МБТМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16‑0062‑КР жана №16‑0063‑КР лицензиялары.