Ош. Митингчилер толук тарай элек. Мэриянын алдында 400-500дөй адам турат

Бүгүн, 15-январда тынчтык митинги болуп өттү. Учурда Ош мэриясынын алдында 200дөй адам жүрөт. Алар ар кайсы жерде топ-тобу менен турушат. Алар шайлоонун мыйзамсыз өткөнүн айтышууда. Учурда аялдардан турган жооп топ Оштун борбордук көпүрөсүн тосууга үндөп жатышат. Ал эми "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери аянтты тазалашууда. Мэрияны укук коргоо органдары курчап турушат.
Белгилей кетсек, бүгүн, 15-январда Оштун мэрин шайлоо болуп, анда Айтмамат Кадырбаев 25 добуш менен шаардын мэри болуп шайланды. Анын атаандашы Мелис Мырзакматов 19 добуш алды. 
  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан