Бакай Банктан акция: пенсионерлер үчүн бонустар

Bakai Bank пенсионерлер үчүн «Пенсионер досуңузду алып келиңиз» аталышындагы жаңы программаны ишке киргизди.

Акция 2025-жылдын 1-сентябрынан 31-декабрына чейин банктын бардык бөлүмдөрүндө аракетте болмокчу.

Катышуу шарттары:

  • Bakai Bank картасы аркылуу пенсия алып жүргөн пенсионер өз таанышына банктан пенсионер картасын алууну сунуштай алат.
  • Жаңы кардар пенсиясын Bakai Bank картасына ала баштаса, аны чакырган пенсионер ар бир жаңы адам үчүн өз картасына 500 сом бонус алат.
  • Бонус эсептелиши үчүн жаңы кардар пенсионердик картаны банктан ачып жатканда ким аркылуу келгенин, анын аты-жөнүн айтышы керек.
  • Бонус жаңы пенсионердин картасына пенсия биринчи жолу түшкөндөн кийин эсептелет.
  • Бир пенсионер айына эң көп дегенде 20 000 сомго чейин бонус ала алат.
  • Программага Bakai Bank’тын пенсионер картасын колдонуп жаткан пенсионерлер гана катыша алышат.

Программанын максаты

Бул программа аркылуу пенсионерлер пенсиясын Bakai Bank аркылуу алуу ыңгайлуу болорун жана пайдалуулугун достору, жакындары менен бөлүшүп, ошол эле учурда кошумча сыйлык алышат.

Bakai Bank ар бир пенсионер банктык тейлөөнү алып жатканда пайда гана эмес, камкордук жана колдоону да сезиши үчүн аракетин жумшоодо.

Bakai Bank — чыныгы маанилүү нерселер үчүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан