2014-жылдын январь айына болгон социалдык төлөмдөр үчүн республикалык казынадан 507 миллион 535 миң сом бөлүнгөн. Бул туурасында КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы, бүгүн, 16-январда билдирди.
Маалыматка караганда, бөлүнгөн каражаттын 363 миллион 910 миң сому жөлөк пулга, компенсация жана жеңилдиктер үчүн 114 миллион 427 миң сом, боюнда бар жана төрөгөндөр үчүн каралган кошумча төлөмдөргө 29 миллион 197 миң сом багытталган.