Эмне үчүн 40 жаштан кийин жүрөк жана кан тамырларга кам көрүү керек?

Адамдын жашы өткөн сайын жүрөк-кан тамыр ооруларынын тобокелчилиги жогорулайт. 40 жаштан кийин адамдын организминде бир катар өзгөрүүлөр болот: зат алмашуу жайлайт, кандын коюулашы жогорулайт, тромбдордун (кан уюктарынын) пайда болуу ыктымалдыгы күчөйт. Бул өз кезегинде миокард инфарктына, инсультка же тромбоэмболияга алып келиши мүмкүн.

Тромбоздун алдын алуу – бул жөн гана сунуш эмес, ден соолукту жана узак жашоону сактап калуу үчүн абдан маанилүү аракет болуп эсептелет. Мындай алдын алуунун негизги бөлүгү – антиагреганттарды (мисалы, ацетилсалицил кислотасын) кабыл алуу. Бул препарат тромбоциттердин чогулуп, кооптуу кан уюктарын (тромбдорду) түзүүсүнө жол бербейт.

Ацетилсалицил кислотасы ичегиде эриген каптамада – ашказанды сактоо жана коргоо

Кан уюктарынын (тромбдордун) пайда болушунун алдын алуу үчүн узак мөөнөткө колдонууга атайын иштелип чыккан, ичегиде эрий турган каптамасы бар ацетилсалицил кислотасынын препараты төмөнкүлөрдөй артыкчылыктарга ээ:

  • Ашказандын былжырлуу чел кабыгын дүүлүктүрүүнү азайтат;
  • Гастрит же ашказан жарасынын пайда болуу тобокелчилигин төмөндөтөт;
  • Ашказан-ичеги тракты сезимтал адамдарга да коопсуз колдонууга шарт түзөт.

Келечекке кам көрүү бүгүндөн башталат

40 жаштан кийинки мейгил — ден соолук жөнүндө олуттуу ойлоно турган убак. Туура дарыланууну тандоо, холестерин жана кан басымды көзөмөлдөө, медициналык текшерүүдөн үзгүлтүксүз өтүп туруу — булар алсыздык эмес, тескерисинче, акыл-эстүү жана жоопкерчиликтүү мамиленин белгиси.

Эч качан унутпа: сенин жүрөгүң жалгыз өзүң үчүн гана сокпойт!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан