Ош, Манас жана Кызыл-Кыя шаарларында жергиликтүү ишкерлер үчүн BAKAI тарабынан уюштурулган BAKAI Business Forum форумдар сериясы өттү.
Иш-чаралардын негизги катышуучулары болуп Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Бакыт Жээнбеков, Манас шаарынын Салык кызматы башкармалыгынын башчысынын орун басары Сталбек Исраилов жана Кызыл-Кыя шаарынын салык кызматы башкармалыгынын башчысы Рустам Абдрахманов болду. МСКнын өкүлдөрү форумдун ишине катышып эле чектелбестен, ишкерлердин көптөгөн суроолоруна ачык жооп берип, салык мыйзамдарынын актуалдуу жоболорун түшүндүрүп беришти.
Форумдар мазмундуу пикир алышуулардын жана тажрыйба алмашуунун аянтчасы болду:
BAKAI башкармалыгынын төрагасынын орун басары Нурдин Иризбаевич Алыбаев маегинде BAKAI Business Forum иш чарасын өткөрүүнүн максаты — банк, ишкерлер жана мамлекеттик органдар ортосунда түз диалог үчүн ачык аянтча түзүү экенин белгиледи.
«Биз аймактардагы бизнес каржылык жактан колдоону гана эмес, зарыл болгон билимди, тажрыйбаны жана практикалык суроолорго жоопторду да ала алуусун каалайбыз. BAKAI бизнес үчүн бир гана каржылык институт болбостон, анын өнүгүшүндө чыныгы өнөктөш болууга умтулат»,- деп белгиледи ал.
Уюштуруучулардын айтымында, мындай иш-чаралар ишкерлерге мамлекеттик органдардан жана эксперттерден түздөн-түз актуалдуу жооп алууга шарт түзүп, өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. BAKAI өлкөнүн аймактарында бизнес боюнча түз жолугушуу такшалмаларын өткөрүүнү улантат.