2014-жылы КРнын Мамлекеттик салык кызматы 43 миллиард 667 миллион сом чогултууну көздөп жатат. Мындай маалымат аталган мекеменин расмий сайтында жайгаштырылган. Бул көрсөткүч 2013-жылдагы чогултулган каражаттан 6 миллиард 92 миллион сомго же 16,2 пайызга көп.
Салык кызматынын башчысы Исхак Масалиев «Бюджеттин киреше бөлүгүн так аткаруу үчүн биз жеңди түрүп иштешибиз керек” деп билдирген. Мекемедеги реформалоо иштери боюнча жаңы автоматташтырылган процесстер салык төлөөчүлөр үчүн түзүлгөн шарттардын бири экенин кошумчалаган. Анын айтымында, автоматташтыруу бирдиктүү маалымат базасын түзүүгө багытталган. Анын ичинде “Бирдиктүү айнек”, байланыш борбору, электрондук салык отчёту, маалыматтык портал жана физикалык жактарга банктардын терминалдары аркылуу жер тилкеси жана мүлкү боюнча салык төлөө шарттарын жеңилдетет.