Жылнаама, 20-январь: Мындан 30 жыл мурун “Ата Мекен” фракциясынан ЖКнын депутаты Бактыбек Калмаматов туулган

*Түркстан генерал-губернатордугу мындан 132 жыл мурун, 1882-жылы Шабдан баатырды Биринчи даражадагы сый чепкен менен сыйлаган.
Шабдан Жантай уулу - Чүй облусунун Кемин өрөөнүндө жашаган, сарыбагыш уруусунун тынай уругунан чыккан манап, саясий, коомдук ишмер. Жантай хандын уулу. Жаш кезинен эле саясий турмушка аралашкан.
1860-жылдын акырында Кокон хандыгынын кол башчысына кошулуп, Ташкенге барган. Узунагачтын жанындагы орус аскерлерине каршы урушка катышкан. Ташкен шаарын коргоодо көрсөткөн каармандыгы үчүн Кудаяр хан аны Түркстан шаарынын беги кылып дайындаган. Бирок анда иштебей, атасынын таасири менен орустарга өтүп, өмүрүнүн аягына чейин ак падышага кызмат өтөгөн. Ал Токмоктогу уезддин начальниги жана Жети-Суу аскер губернатору менен тыгыз байланышта болгон.
*Орусиянын Эл артисти, орус эстрадасынын кадырман ырчыларынын бири Ирина Аллегрова мындан 62 жыл мурун 1952-жылы Ростов-на-Донуда чыгармачыл адамдардын үй-бүлөсүндө туулган. 
Ирина Аллегрованын ырчылык карьерасы 1975-жылдары башталып, "Саякатчым менин" ("Странник мой"), "Императрица", "Бүтпөгөн сүйүү" ("Незаконченный роман"), "Туулган күнүң менен!" ("С днём рождения!") сыяктуу хит ырлардын аткаруучусу.
*Жогорку Кеңештин V чакырылышындагы “Ата Мекен” фракциясынан депутат Бактыбек Калмаматов мындан 30 жыл мурун, 1984-жылы Ош ублусунун Кара-Кулжа районундагы Совет айылында туулган.
Бактыбек Калмаматов жогорку билимдүү, 2001-жылы Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетине тапшырган. 2004-2005-жылдары жалпы студенттик шайлоодо Ош мамлекеттик университетинин жаштар комитетинин төрагалыгына шайланган. 2013-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетин бүтүрүп, юрист адистигине ээ болгон.
Бактыбек Калмаматов “Акыйкат” коомдук бирикмесинин, “Жаштар үнү” жаштар кыймылынын негиздөөчүсү жана тең төрагасы. Ал 2007-2009-жылдары “Ата Мекен” социалисттик партиясынын Ош облусу боюнча төрагасынын орун басары болгон. Ал эми 2009-жылы “Ата Мекен” социалисттик партиясынын Ош облусу боюнча төрагалыгына шайланган.
Бактыбек Калмаматов 2010-жылдын октябрында “Ата Мекен” социалисттик партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.
*Мындан 21 жыл мурун, 1993-жылы теги англо-голландиялык болгон британиялык Одри Хепбёрнду көпчүлүк актриса жана фотомодель катары тааныйт. 1953-жылы "Римдеги эс алуу" тасмасында жараткан ролу үчүн "Оскар", кийин ошол эле эмгеги үчүн "Алтын глобус" сыйлыктарына арзыган актирса капыстан оор дартка кабылган. 1992-жылы 1-ноябрда ага операция жасалып, бирок операция, көпкө созулган дарылануулар да эч жардамын берген эмес. Ошентип таланттуу актриса 63 жаш курагында көз жумган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан