"Кумтөр" боюнча айыпталып жаткандардын кылмыш ишин токтотуу боюнча арызы канааттандырылды

2003-жылы “Кумтөр” долбоору боюнча макулдашууну түзүүдө  коррупциялык иштер боюнча бир нече өкмөт өкүлүнө айып тагылып, иш сотко өткөрүлүп берилген. Айыпталуучулардын адвокаты кылмыштардын эскирүү мөөнөтүнө байланыштуу ишти жабуу тууралуу арыз берип, бүгүн, 22-январда Биринчи Май райондук соту тарабынан адвокаттын арызы канааттандырылды. Соттук отурумдун жүрүшүндө өкмөттүк эксперттик топтун өкүлдөрү А.Жолошов, Н.Алымбаев, Д.Камчыбеков жана канадалыктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн мурдагы экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Темирбек Акматалиев адвокаттары менен кылмыш ишин токтотууну айтып чыгышкан. Абдразак Боромбаевдин төрагалыгы алдындагы сот алардын арызын канааттандырды.

Эске салсак, Башкы прокуратура “Кумтөр” боюнча соттук процесстин башталганы тууралуу маалымдап, “Кумтөр” долбоору боюнча макулдашууну түзүүдө коррупциялык иштер аралашканы аныкталганын билдирген. Прокуратуранын маалыматына ылайык, кылмыштардын эскирүү мөөнөтү 10 жыл болгондуктан аталган иш 2013-жылдын 14-декабрында аяктамак. Мекеменин билдирүүсүндө жогоруда көрсөтүлгөн айыпталуучуларды жоопко тартуу боюнча иш сотко өткөрүлгөн учурда (2013-жылы 18-ноябрда) кылмыштын эскирүү мөөнөтү аягына чыккан эместиги айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан