Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Орусия, Украина өлкөлөрүнүн кийинки сүйлөшүүсү тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Орусиянын РИА Новости басылмасы жазды.
Анда ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Украина боюнча сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасын өткөрүү мөөнөтү боюнча азырынча макулдашуу жок экенин айткан.
Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча кийинки жолугушуу Швейцарияда болорун белгилеген.
Белгилей кетсек, 17-18-февралда Женевада Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча үч тараптуу сүйлөшүүнүн кезектеги айлампасы өткөн.