Биз социалдык тармакта

АКШнын суу астындагы кемеси Ирандын согуштук кемесин чөктүрдү

Шри-Ланканын жээгинде кырсыкка учураган Иранга таандык аскер кемесин АКШнын суу астынан сүзүүчү кемеси чөктүргөн. Мындай маалыматты АКШнын Коргоо министрлигинин башчысы Пит Хегсет тастыктаганын чет элдик басылмалар жазышты.

Пит Хегсеттин айтымында, мындай окуя Экинчи дүйнөлүк согуштан бери кездеше элек болчу. Ирандын аскер-деңиз күчтөрүнө таандык кеме Индиядагы машыгуудан кайтып келе жаткан.

Ал эми Шри-Ланканын тышкы иштер министри бортто 180 деңиз аскери болгонун жана куткаруучулар тарабынан экипаждын 32 мүчөсүн аман алып чыкканга үлгүрүшкөнүн билдирген.

Белгилей кетсек, буга чейин Шри-Ланканын жээгинде Иранга таандык аскер кемеси кырсыкка учурап, 101 адам дайынсыз болуп жатканы жана кол салган суу астынан сүзүүчү кеме кайсыл өлкөгө таандык экени белгисиз болуп жатканы айтылган.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан