Бостондогу террордук чабуулга шектүү Жохар Царнаевди АКШнын Башкы прокуратурасы өлүм жазасына тартууну талап кылат. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жохар Царнаевге Бостон шаарындагы жардыруу иши боюнча 30 пункт менен айып тагылууда. Царнаев өзүнө тагылган күнөөнү мойнуна алган жок.
Эскерте кетсек, 2013-жылдын 15-апрелинде Бостондогу марафон учурунда теракттын кесепетинен 3 адам набыт болуп, 250дөн ашык адам жаракат алган.