Ош шаардык мэриясынын кээ бир кызматтары бириктирилди

Бүгүн, 5-февралда Ош шаардык кеңешинин депутаттары 2014-жылдын бюджетин бекитип жатып мэриянын штаттык бирдиктерине өзгөртүү киргизүү маселесин көтөрүштү. Анда бир катар кызматтар бириктирилип, жаңы штат түзүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу Алмаз Осмонов депутаттарга түшүндүрмө берүү менен билдирди.

 "Мэрияда 57 штаттык орун бар, анын ичинен бир катар кызматтарды бириктирдик. Натыйжада бош калган төрт орун үчүн жаңы штат ачтык. Алар юрист үчүн кызмат орун, дин маселеси, тил маселеси боюнча штаттар ачылды",- деди Осмонов.

 Бул сунушту шаардык кеңештин депутаттары бир добуштан колдоп беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан