Депутаттар өкмөт башчыга "Кыргызгаз" ишканасынын жетекчисинин туура эмес иштерин жашырып жатканын айтышты

ЖКнын 19-декабрдагы жыйынында депутат Бөдөш Мамырова премьер-министрден кышка карата өкмөт пландаган иштердин канчасы аткарылып, канчасы аткарылбай калганын сурады. Жантөрө мырза учурда бул багытта иштер дагы деле жүрүп жатканын айтып, "декабрь айы менен эле кыш бүтүп калбайт" деди. Бөдөш Мамырова премьер-министрге кайрылып, "Кыргызгаздын" жетекчисинин туура эмес иштерин билип туруп, жашырып жатканын айтты. Буга өкмөт башчы "мен эч нерсени жашырган жокмун. Тургунбек Кулмурзаевдин Москвага эмне себептен кеткени, ал жакта эмне сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турганы мага маалым" деген жооп узатты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан