Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун катышуусунда бир дагы тергөө иштери боло элек
"3-октябрда Бишкекте өткөн митингге тиешеси бар" деп кармалган депутаттардын жактоочулары маалымат жыйынын өткөрүштү. Жактоочулардын айтымында, кармалган депутаттардын кармалышына негиз жок жана Садыр Жапаров менен Талант Мамытовдун катышуусунда бир дагы тергөө иштери боло элек. Жогорку Сотко арызы менен кайрылган жактоочулар кармалган депутаттардын баш коргоо чарасын өзгөртөт деген ниетте.