Бишкек шаарында электр энергиясына карата убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда "ТүндүкЭлектр" ААКсынын басма сөз кызматы билдирди. "ТүндүкЭлектрдан" билдиришкендей, "Ново-Южная, "Главная", "Центральная-6" электр станцияларында электр энергиясын колдонууда ашыкча күч колдонулгандыктан, чектөөлөр киргизилип жатат. Электр энергиясына чектөө Медеров, Элебаев, Ахунбаев көчөлөрүндө жана Аска-Таш, Көлмө, Дордой-2 жаңы конуштарына киргизилди. Ал эми Элебесов көчөсүндө электр энергиясын берүү токтотулду.