Бүгүн, 15-февралда “Кыргызгаздын” орусиялык "Газпром“ компаниясына сатылышы боюнча макулдашуу күчүнө кирди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Аталган макулдашууга ылайык, "Кыргызгаз" "Газпромго" 1 долларга сатылды. Орусиялык компания Кыргызстандын газ тармагын өнүктүрүү үчүн 5 жыл ичинде 20 миллиард рубль инвестиция салат. Кыргызстанды үзгүлтүксүз газ менен камсыздоону, "Кыргызгаздын" бардык карызын төлөп берүүнү моюнга алат.
Эскерте кетсек, 2014-жылдын 17-январында Орусиянын Мамлекеттик Думасы “Кыргызгаздын” орусиялык "Газпром“ компаниясына сатылышы боюнча макулдашууну ратификациялаган. 4-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койгон.