Владимир Путин: “Элдин көңүлү Украинадан Паралимпиадага буруларына үмүт кылам”

Бүгүн, 8-мартта чет элдик маалымат булактары билдиргендей, Орусиянын президенти Владимир Путин кечээ, 7-мартта башталган Паралимпиада оюндары элдин көңүлүн Украина тараптан бир аз да болсо өзүнө бурарынан үмүт кылат.  

Президент Путин мындай пикирин Эл аралык Олимпиада комитетинин жетекчиси Филипп Крейвин менен маектешүү маалында билдирди. “Паралимпиада элдин көңүлүн кызуу имерип келген Украина темасынан оолактатып, бир аз да болсо өзүнө көңүл бурдурарына үмүттөнөм. Негизгиси, мунун кесепети спортчуларга тийбесе болду” дейт ал.

Кошумчалай кетсек, Паралимпиаданын расмий ачылышы кечээ, 7-мартта орун алды. Анда 45 мамлекеттен келген 575 спортчу күч сынашууда. 5 спорт түрү боюнча 72 комплект медаль ойнотуларын Паралимпиаданын расмий сайты билдирет.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zamira8576
2014-03-10 03:31:06
Менин оюмча крымды Россия озу басып алмайынча Путиндин жаны тынбаса керек.Бирок Путин молодец Москва Путин бар учун жетишкен Москва болуп келе жатат.Аны баары сыйлашат.Кана Кыргызстандын ичинен Путинге окшогон адам чыкканда.Ар ким озун ойлоп эле карапайым элдер кыйналып,Кыргызстан которулуп онолбоду.Жада калса кышкы олимпиядага жок дегенде Озбекистан менен Казакстандын адамдарынчалык биздин президентибиз,Кыргызстаныбыз жоното албады.Кыргызстандан бир эле адам келди анысыда орус экен.Качан онугот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан