Якутияда 9 жаштагы кыз жолбун иттерге таланып каза тапты

Якутиянын Тикси шаарчасында жүрөктүн үшүн алган окуя катталды. 9 жаштагы кыз көчөдө жолбун иттерге таланып, алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза тапты. Бул тууралуу 11-мартта Якутиянын Президенттик администрациясы жана өкмөтү билдирүү тараткандыгын айтып орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, бүгүн эртең менен Якутиянын вице-премьер-министри Павел Маринычев каза тапкан кыздын үй-бүлөсү жана жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, шаарчанын жетекчилерине жолбун иттерге каршы чараларды көрүү тууралуу тапшырмаларды берди. Ал эми ата-энелерге балдарын кароосуз калтырбоо жана мектепке узатып, алып барып келүү сунуштары айтылды. Ошондой эле каза тапкан кыздын үй-бүлөсүнө психологиялык, материалдык жардам берүү тууралуу тапшырма берген. 

Учурда шаарчада полиция, администрация кызматкерлеринен жана эл арасынан өз ыктыяры менен чыккан мырзалардан атайын кошуундар түзүлүп, күзөткө чыгышууда.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 18-февралында Якутиянын Беркатит шаарчасында да 9 жаштагы бала жолбун иттерге таланып каза тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
tynara81
2014-03-11 12:05:54
Айий,,байкуш кыздын итке таланып жаткандагысын элестетип денем дүркүрөп кетти... Балдарды кароосуз калтырбайлычы..
+2
Nakush
2014-03-11 12:12:04
ой тооба
0
33SUUN
2014-03-11 16:04:28
Аябай окунучтуу болуптур.Жашоонун эмне экенин тушунгонго улгурбой кете берди го байкуш кыз.
0
erali
2014-03-11 21:52:24
Ит адамдын досу дечу элек,иттен да ишенич кеткен тура.
+1
peri05
2016-06-09 00:07:09
erali,иттен да дейсинго ит итда адам баласы озубуз кандай ойго келбеген нерселеди жасап жатышатго

0
Maks_83
2014-03-12 00:42:10
Мен ушул жерде иштейм оа болгон окуя кочодо итер аябай кобойуп кеткен болчу бул биринчиси эмес буга чейин да бир еки балага кол салган бул иттер,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан