2012-жылдын 31-ноябрына
дайындалган пленум бүгүн облустук администрациянын жыйындар залында болуп өттү.
Пленумда карала турган маселе облустук ардагерлер кеңешинин көзү өтүп кеткен
төрагасынын ордуна жаңы өкүлдү шайлоо болду. Жаңы шайланган төрага Кайып
Калназаров - эмгектин ардагери жана калган өкүлдөрү болуп жалпы 11 киши Ардагерлер кеңешинин курамына киришти. Жобонун негизинде шайланган
жаңы төрага мурда мамлекеттик кызматты аркалаган, учурдагы эмгек ардагери болушу
керек. Ал эми бул нерсени мыйзамсыз деп таап, өз укуктарын коргоп жүргөн
демилгелүү топ буга каршы. Себеби 1996-жылы 8-майда чыккан
№14-токтомдун негизинде Ардагерлер кеңешинин төрагасы жана анын
курамындагы адамдар согуштун, куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы
эмгекчилер болуусу шарт деп келишүүдө. Жылына мамлекеттен Ардагерлер кеңешине
деп 350 миң сом бөлүнөт. Бул каражат Баткен, Чернобыль, Ооганстан коогалаңдарынын катышуучуларына, куралдуу күчтөрдүн, согуштун ардагерлерине
жана ооруктагы эмгекчилерге жумшалыш керек деген ойлорун айтып чыгышты.