Бишкекте футбол боюнча Өлкө чемпиондугун 8-ирет багындырган "Дордой" командасына сыйлык тапшыруу салтанаты болуп өттү

Бүгүн, 22-декабрда “Ала-Тоо” кинотеатрынын чоң залында футбол боюнча өлкө чемпиону “Дордойду” сыйлоого арналган азем болду. Салтанатта 2012-жылы аталган клубдун чемпион болуусуна салым кошкон кызматкерлер жана футболдук академиянын тарбиялануучулары сыйлык алышты. Жаңы жыл алдында жаш футболчулар атайын белектер менен сыйланышса, Жогорку Лигада ойногон футболчуларга жетекчилик тарабынан акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Ошондой эле команданын ичинен жылдын мыктылары аныкталды. “Жылдын мыкты футболчусу” наамы Азамат Байматовго тапшырылса, “Жылдын мыкты чабуулчусу” деп Каюмжан Шарипов табылды. Каюмжан Шарипов быйыл Топ-Лигада мыкты бомбардир болгонун кошумчалай кетели. Мындан сырткары сезон ичинде бардык оюнда толук ойногону үчүн Даврон Аскаровго да кошумча сыйлык каралды. Жыйынтыктай келгенде “Жылдын мыкты машыктыруучусу” наамы боюнча 15 талапкердин ичинен добуш берүүнүн жыйынтыгында Владимир Садовский жеңип чыкты. Ага кошумча клубдун тарбиялануучуларынан Садовский машыктырган 2000-жылкы балдардан турган команда "Жылдын мыкты командасы" аталып, атайын кубок менен сыйланды. Эске салсак, быйыл бишкектик "Дордой" Топ-Лиганын жыйынтыкталарына 6 тур калганда мөөнөтүнөн мурда чемпиондукту камсыздап, тарыхындагы 8-чемпиондугуна жетти.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан