"Салам-Алик" командасы волейбол боюнча кыз-келиндер арасында Кыргызстандын чемпиондугун жеңип алды

"Салам-Алик" айымдар командасы волейбол боюнча Кыргызстандын чемпиондугун жеңип алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Волейбол федерациясынан билдиришти. 21-23-декабрда Бишкек шаарында өткөн чемпиондукка жалпысынан 4 команда катышкан. Ал эми 2-орунду "КРСУ" командасы камсыздаса, 3-орунга "Улар" командасы илинген. Оштон келген "Алай-Датка" командасы 4-орунда калды. Мелдештин алкагында жекеликте да мыктылар аныкталып, "Мыкты оюнчу" наамдарына "Салам-Алик" командасынан Анастасия Щелокова, "КРСУ" командасынан Юлиана Морозова, "Улар" командасынан Нургиза Масимова жана "Алай-Датка" командасынан Айсулуу Нурланбек кызы арзыды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zoro21
2013-01-07 23:25:58
салам алик озгондон келишиптирби..))Кыргызстанды онуктуруу учун курошкуло
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан