Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укугун коргоо күнүнө карата Ошто Облустар аралык керектөөчүлөрдүн укугун жана саламаттыгын коргоо боюнча мамлекеттик инспекциясында атайын жыйын болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта аталган мекеменин юристи Улан Омокеев билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө жарандардын укугу канчалык деңгээлде корголуп жатышы боюнча талкуу жүрдү.