Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Жалал-Абад облусунда иш сапары менен жүрөт. Бүгүн, 17-мартта ал Аксы районунун Кош-Дөбө айылындагы Иринжит каналынын курулушу менен таанышты. Узундугу 7,4 чакырым каналдын курулушу ушул жылдын май айында бүтө турганы айтылды. Сарпашев каналды 10-майга чейин куруп бүтүрүү тапшырмасын бергенин билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.