Өкмөт жооп берет: Мугалимдер үчүн компенсация берүү демилгеси азыркы тапта иштеп жатабы?              

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - Чет өлкөдө мугалимдер үчүн өбөлгө маяна (стимулирующая зарплата) берилет экен. Бизде ушундай барбы? Бир жылдары компенсация Аскар Акаевдин демилгеси менен бериле баштаган экен. Ошол компенсация азыр деле төлөнөбү? Суроо калтырган Compakt.

Жооп: - Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы №270 “Билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускаманын” 4-тиркемесине ылайык, “Жалпы билим берүүчү мекемелердин кызматкерлерине дем берүүчү эмгек акыны эсептөө боюнча усулдук сунуштар” бөлүмүндө айтылган.

Анда "жалпы билим берүү мекемелеринде (мектеп) бюджеттик каражаттын эсебинен эмгек акынын дем берүүчү фонду 2011-жылдын 1-майынан баштап кызматкерлердин эмгек акысынын жалпы фондунун 10 пайыз өлчөмүндө; 2012-жылдын 1-сентябрынан баштап кызматкерлердин эмгек акысынын жалпы фондунун 20 пайыз өлчөмүндө түзүлөт" деп айтылат. Анын ичинде 10 пайызы - жалпы билим берүүчү мекемелердин түзүмдөрүн жана тармагын, окуу пландарды, программаларды оптималдаштыруунун эсебинен. 

Мектептердин кызматкерлерине эмгек акынын дем берүүчү фондунун эсебинен төлөмдөр кепилденген эмгек акы болуп саналбайт жана аткарылган иштин натыйжасы боюнча белгиленет жана иштин сапатына жараша болот. 

Суроого Билим берүү министрлигинин өкүлү Нурия Кийизбаева жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан