Казакстан Крымда 16-март күнү өткөн референдумду легитимдүү деп эсептейт. Бул тууралуу маалыматты Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жарыялады.
"Крым Автономиялык Республикасында 2014-жылдын 16-мартында өткөн референдумга байланыштуу Казакстан Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун жоболоруна таянып иш алып барарын белгилейт. Казакстан аталган аймакта өткөн референдумду элдин эркиндикке болгон умтулуусу деп эсептейт. Кырдаалга жараша Орусиянын чечимин түшүнүү менен кабыл алат" деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин маалыматында.
Ошондой эле Казакстан Республикасы Украинанын саясий каатчылыктан тынчтык жолу менен чыгып кетерине ишенерин билдирген. Мындан сырткары өлкө башчы Нурсултан Назарбаев Коргоо кеңешинин жыйынын өткөрүп, Орусиянын карманган позициясына түшүнүү менен мамиле кыларын билдирген.
Эске салсак, Крымда 16-мартта өткөн референдумда шайлоочулардын 96,6 пайызы добуш беришкен. Шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусу 82,71 пайызды түзүп, крымдыктар Орусияга кошулуу ниетин билдиришкен. Ал эми Орусия бийлиги жаңы аймакты кошуп алуу боюнча документтештирүү иштери тез арада жүрө турганын билдирген эле.