Бишкекте 25-26-декабрь күндөрү оор атлетика боюнча Кыргызстандын кезектеги чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Оор атлетика федерациясынан маалым болду. Мелдешке Кыргызстандын бардык аймагынан спортчулардын катышуусу күтүлүүдө. Мелдештин жыйынтыгында оор атлетика боюнча КРнын улуттук курама командасынын жаңы курамы түзүлөт.