"Супер-Инфонун" эмгек жамааты мурунку кызматкери Бахияна Сатылганованы сотко чейин үй камагына чыгаруу боюнча бүгүн, 25-декабрда саат 13:30да СИЗО-1дин алдына нааразычылык акциясы менен чыгат. "Мурунку кесиптешибизди үйүндө эки жашар уулу күтүп, ошондой эле учурда анын кош бойлуу экендигине тынчсызданып жатканыбызга байланыштуу бул окуяга кайдыгер карабаган жаранды акцияга чакырабыз. Ошондой эле ЖМК өкүлдөрүн эки тарапты тең чагылдыруу максатында акция өтүүчү жайдан күтөбүз",- деп жазылат гезиттин билдирүүсүндө.