Депутаттар орган кызматкерлеринин эрте пенсияга чыгып жатканы туура эмес экенин белгилешти

"Орган кызматкерлери пенсияга эрте чыгып кетишүүдө". Бул пикирди депутат Гүласал Садырбаева ЖКнын комитет жыйынында билдирди. Анын айтымында, орган кызматкерлеринин пенсияга чыгуу мөөнөтүн узартуу керек. Ал эми депутат Исмаил Исаков да сунушту колдоп, учурда бул боюнча иштер жүрүп жатканын белгиледи. "Азыр орган кызматкерлери 48 жаштан пенсияга чыгышат. Мамлекет өмүр бою иштетип, анан пенсияга эрте чыгарып жиберүүдө. Пенсия аз, алар көчөдө калгандай эле болуп жатат",- деди Исаков.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан