Үстүбүздөгү жылы 20,5 миң кыргызстандык Орусиянын Красноярск шаарында каттоого турган. Бул тууралуу Орусиядагы кыргыз элчилигинин басма сөз кызматы билдирди. Бул көрсөткүч 2012-жылдын 11 айына гана таандык. Алардын 12194ү жумушка кирүү уруксаты менен кайрылгандар. Мындан сырткары 66 кыргызстандык жарандын кылмыш жасагандыгы белгилүү болуп, алардын ичинен 26сына кылмыш иши козголгон.