Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы оппозициянын борбордо тынчтык митингин өткөрүү боюнча арызы мыйзамга ылайык берилбегенин айтты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 28-мартта 15:00дө оппозициялык “Кыргызстанды сактоо үчүн” кыймылынын лидери Мукар Чолпонбаев 31-март күнү тынчтык митингин өткөрүү боюнча билдирме калтырган.
Укук коргоо органдарынын айтымында, арыз “Тынчтык митинги жөнүндө” мыйзамы боюнча кечиктирилип берилген. Шаардык ички иштер башкармалыгы акция жүргүзүү боюнча мыйзамды сактоого чакырууда. “Мыйзамга баш ийбөөчүлүк же ички иштер органдарынын кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандык административдик айып пул төлөө же 15 суткага камакка алуу менен коштолот” деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 17-мартта оппозиция өкүлдөрү “Кумтөр” маселеси боюнча курултай өткөрүүнү пландап, бирок ал 31-мартка жылдырылган эле.