Кыргызстандык жана европалык серепчилер чек араны комплекстүү башкаруу стратегиясын талкуулашты

Кечээ, 31-мартта КРнын Чек ара кызматынын штабында КР мамлекеттик мекемелеринин өкүлдөрү Европа өлкөлөрүнүн серепчилери менен жумушчу жолугушуу өткөрүштү. Маалым болгондой, кыргыз тараптан Мамлекеттик чек араны комплекстүү башкаруу системин орнотуу боюнча улуттук координациялык борборунун курамына кирген министрликтердин жана мекемелердин өкүлдөрү катышты, ал эми европалык тараптан Венгриянын ИИМинин башчысынын кеңешчиси Иштван Шаму баштаган европалык серепчилер болушту. Жолугушууда Мамлекеттик чек араны комплекстүү башкаруу боюнча улуттук стратегиясын ишке ашыруу маселеси талкууланды.

Иш-чаранын жүрүшүндө европалык серепчилер аталган максаттын орундалышы туура багытта бара жатканын айта кетишти. Ошол эле учурда акча каражатын бөлүү жактан көйгөйлөр бар экенин баса белгилешти.

Эл аралык серепчилер мындан ары Кыргызстанды колдоого ниетин билдиришти. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде КРнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aiba91kg
2014-04-01 11:44:38
1 апрель алдап айтып койду да боло берет деп,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан