Бүгүн, 1-апрелде КРнын Коргоо министринин милдетин аткаруучу Таалайбек Өмүралиев Тажикстанда өтүүчү Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмесине катышат. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде КРнын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Тажикстан Республикасынын Коргоо министри Шерали Мирзо баштаган кеңешме өлкөнүн Кайрак-Кум шаарында өтөт. Ага Казакстандан Адилбек Жаксыбеков, Орусиядан Сергей Шойгу, Кытайдан Чан Ваньцюан, Өзбекстандан Баходир Тошматов катышат. Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер 2013-жылдан тарта кызматташтыктын жыйынтыгын жана анын алдынкы өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.