Барак эксклавына жер семирткич, көмүр, жүгөрү уругу жөнөтүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 1-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, 31-март күнү Өзбекстандын аймагындагы Барак эксклавына 12 тонна 950 килограмм минералдык жер семирткич, 16,5 тонна көмүр жана 2 тонна 325 килограмм жүгөрү уругун жеткирүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 8 даана оор жүк ташуучу унаасы жөнөп кетти.