Каракол шаарынын мэриясы энергетикалык ичимдиктерди ичкен өспүрүмдөрдүн саны кескин өскөнүнө тынчсызданууда

Учурда Караколдо жаштар арасында алкоголсуз энергетикалык ичимдиктерге болгон суроо-талаптардын кескин өсүүсү коркунуч жаратууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.  

Маалыматка таянсак, Каракол аймагында ден соолукка зыяндуу алкоголсуз энергетикалык ичимдиктердин түрү жана аларды сатуу өлчөмү да кескин түрдө көбөйүүдө. Жаштар арасында ага болгон суроо-талап да күн санап өсүүдө.  

КРнын Баш мыйзамынын 9-беренесинин “алкоголсуз ичимдиктердин зыянсыздыгы тууралуу” техникалык регламентине ылайык, сергитүүчү ичимдиктин сыртында мамлекеттик тилде же расмий тилде “18 жашка чыга электерге, улгайып калган жана гипертониялык же жүрөгү начар иштеген адамдарга ичүүгө болбойт” деген жазуулар болуусу абзел. Эгер бул талап аткарылбаса, жергиликтүү башкаруу органдары ичимдиктерди сатуудан алып салууга укуктуу.        

Ушундан улам Каракол шаарынын мэриясы жашоочуларга аталган ичимдиктерди эрежелерди бузуу менен сатып жаткан дүкөндөр тууралуу маалымат берип турууга чакырат. 

Эске салсак, аталган энергетикалык ичимдиктерди сатууга бир катар чет өлкөлөрдө тыюу салынган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurali20
2014-04-01 18:12:06
Сатып жаткан дукондорго барып,штраф салып,керек болсо жаап салышпайбы!Костюмду кийип алып барып,чонтоко акча салса кудундап чыгып кетишет да оздору(налоговый,санэпстанция,милиция).Жаш балдардын тагдырын талкалайт ал тургай олумго чейин жеткирет.Чара колдонуш керек!!!Маалыматты кутпой,оздору рейд жургузуп турулаары керек!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан