Кечээ, 1-апрелде орун алган УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын чейрек финалында англиялык “Манчестер Юнайтед” германиялык “Бавария” менен 1:1 эсебинде тең ойноду. Ал эми Испанияда болуп өткөн “Барселона”-“Атлетико” беттешинде да дал ушундай эле эсеп катыштыгы катталды. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты билдирет.
Беттештер:
“Манчестер Юнайтед” (Англия) – “Бавария” (Германия) – 1:1
Голдор: Неманья Видич (58-мүнөттө), Бастиан Швайнштайгер (67-мүнөттө).
“Барселона” (Испания) – “Атлетико” (М, Испания) – 1:1
Голдор: Диего (56-мүнөттө), Неймар (71-мүнөттө).
Бул командалардын ортосундагы жооптук беттештер 9-апрелде өтөт.