Жогорку Кеңештин депутаттары борбор шаардагы Ботаникалык бакчада ишембилик өткөрүштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы бүгүн, 5-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин депутаттары, аппарат менен иш башкармалыктын кызматкерлери ишембиликке чыгышты. Алар шаардагы Ботаникалык бакчанын аймагын, арыктарды тазалашты.
Эске салсак, 2014-жылдын 5-мартында кабыл алынган Жогорку Кеңештин токтомуна ылайык, ар жылдын 20-мартынан 20-апрелине чейинки аралыкта Кыргызстандын бардык аймагында жашылдандыруу иштери жүргүзүлмөкчү.