Кыргызстандык жаш шахмат чеберлери Азия чемпиондугунан 5 медаль жеңип кайтышты

Кыргызстандык окуучулар Индиянын Дели шаарында өткөн шахмат боюнча VIII Азия чемпиондугунда 5 медалга ээ болду. Чемпиондукка 5, 7, 11, 13, 17 жаштагы балдар катышып, Кыргызстандын атынан 13 спортчу барган. 17 жаштагы катышуучулардын ичинен Мырзагүл Сыдыкова рапид, блиц-мелдеш жана классикалык шахматта жалпысынан 3 күмүш медалга ээ болсо, 7 жаштагылардын арасынан Азалия Мирлан Кызы коло медалга татыган. Ал эми 13 жаштагылардын арасынан Чыңгыз Исаев 3-орунду багынтты. Чемпиондук 11-21-декабрь күндөрү өтүп, ага жалпысынан 416 спортчу катышкан. Кошумчалай кетсек, былтыр Кыргызстан Азия чемпиондугунда бир гана коло медалга ээ болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан