Жалал-Абад. «Биз дени сак келечек жана тынчтык үчүн!» аталыштагы спорттук эстафета Кара-Көл шаарында өттү

Кечээ, 7-апрелде Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмү жана Жаштар кеңеши менен биргеликте Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата «Биз дени сак келечек жана тынчтык үчүн!» деген аталыштагы спорттук эстафета шаардагы «Энергетик» стадионунда болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Эстафетаны Кара-Көл ШИИБинин начальниги А.А.Нусубалиев өзү жетектеп, анын өздүк курамы коомдук коопсуздукту камсыз кылышты. Ошондой эле иш-чарага мекеме-жайлардын жетекчилери да катышты.             

Эстафетада кары-жашына карабай 500 метр, 1000 метр, 3000 метр жана 5000 метр аралыкка чуркап, жаштар турникке тартынууда жана кол күрөштө өз күчтөрүн сынашты.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөр грамота менен жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Өткөрүлгөн спорттук иш-чарада Кара-Көл мэриясы 15 000 миң сом акчалай жардам көрсөттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан