Бүгүн, 8-апрелде Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов борбор калаанын аймагында текшерүү иш сапарынын жүрүшүндө "Түштүк магистраль – Тынчтык проспектинин кесилишиндеги унаага май куюучу жайдын иштешине шаар жетекчилиги жол бербейт" деп айтты.
Анын айтымында, учурда бул маселе боюнча соттук иштер жүрүп жатат. 2014-жылы май куюучу жайдын ижарасы аяктайт. Мэрия аны улантууга каршы.
"АЗС техникалык эрежелерди бузуусу менен курулуп жатат. Мындан тышкары ал сейил бактын аймагында жайгаштылган. Жакында май куюучу жайды бузуу иштери башталат",- деп баса белгиледи Кулматов.
Эскерте кетсек, 2013-жылдын 19-ноябрында Бишкектин экс-мэри Иса Өмүркулов Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында АЗСтын иштешине жол берилбесин жарыялаган.